Acer
Тайвандан чыккан компания. Бул компания электрондук жабдууларды, компьтердик техникаларды өндүрүү жаатында таанылган. Acer өзгөчө монитор, концентратор, коммуникатор, дисковод, тармактык карталарды, стол үстүндө туруучу компьютерлерди, клавиатураларды, оперативдик эс тутум, ноутбуктарды жана проекторлорду өндүрүп чыгарат.
Acer Group 1976- жылы Стеном Ши (Stan Shih) тарабынан “Mulitech International” аты менен анча чоң эмес компьютердик компания катары ачылган. 80-жылдары арзан баада бирок, өндүрүмдүү, колдонууга ыңгайлуу жана алгылыктуу сапаттагы компьютерлерди өндүрүү принцибине өткөн.
Учурда Acer Group төрт чоң компанияны камтыйт. Аларга Acerдин өзү, Packard Bell, Gateway жана eMachines кирет. 2008-жылы смартфон сатуу тармагына E-TEN компаниясы сатылып алынган.
"Comportal" компаниясы Кыргызстан аймагына Acerдин мониторлорун, проекторлорун, моноблокторун, ноутбуктарын жана планшеттерин сунуштап келет.