EATON
EATON - энергияны башкаруу багытындагы дүйнө жүзүндөгү лидер компания.
Корпорация 175тен ашык өлкөдө кызмат көрсөтүп, штатында 100 миңден ашык адисти өз тармагында иш менен камсыз кылат. Компаниянын энергияны үнөмдөөчү чечимдери жана кызматтары кардарларга электрдик, гидравликалык жана механикалык энергияны ишенимдүү, эффективдүү, коопсуз жана экологиялык жактан таза жол менен колдонууга жардам берет.
Eaton корпорациясы энергияны башкаруу боюнча кеңири портфелге ээ. Алардын ичинде жылуулукту үнөмдөөдөн тартып, электр энергиясын башкаруу инструменттери камтылган. Демек, бул портфел кардардын маселесин түп тамыры менен чечилишине өбөлгө түзөт.
"Comportal" Eatonдун расмий дистрибьютери катары төмөндөгү продукцияларын сунуштайт: UPS, аксессуарларды, шкафтарды, стеллаждарды, толкундан коргоочуларды, KVM которгучтарын, консолдук серверлерди, стабилизаторлорду, батарея топтомдорун, кабельдерди, заряддоо станцияларын.