Microsoft

Microsoft

Microsoft Компаниясы маалымат технологиялар тармагында программалык камсыздоонун жана IT кызматтарынын кеңири спектрин камсыз кылуучу дүйнөлүк лидер. Бул 190дон ашык өлкөдө иш алып барган дүйнөдөгү эң ири корпорациялардын бири. Миллвард Браундун жылдык сурамжылоосуна ылайык, 2013-жылы Microsoft дүйнөдөгү эң баалуу он (10) бренддин катарына кирет (69 миллиард доллар).

Майкрософттун өнүмдөрүнүн жана кызматтар портфолиосуна туруктуу жайгашкан жана тармактык операциялык системалар, түзмөктөр кирет (Xbox 360, Xbox One, Kinect, Surface жана башкалар.) Ошону менен катар, сервердик тиркемелер, жумушчу тиркемелер, бизнес тиркемелери жана кеңсе үчүн тиркемелери, булут чечимдери, интерактивдүү программалар, кызматтар жана оюндар, Интернет куралдары, иштеп чыгуу куралдары жана башкалар. Корпорациянын жаңы башкы директору Сатя Наделла жарыялаган стратегияга ылайык, булут жана мобилдүүлүк Microsoft үчүн башкы приоритет болуп калат.

Microsoft жеке кардарларга жана өнөктөштөргө жеке колдонулуучу же болбосо, жалпыга ачык гибрид булутту жасоо үчүн уникалдуу, толук спекрдеги булут варианттарын сунуштайт. Европа Биримдигинин маалыматтарды коргоо органдары Microsoftтун булут кызматы ЕБ маалыматтарды коргоо мыйзамынын жогорку стандарттарына жооп берерин ырасташат. Microsoft учурда мындай уруксатты алып, мактоого татыктуу болгон биринчи жана жалгыз компания. Анын портфолиосуна Office 365, Microsoft Azure, Dynamics CRM Online, Intune, OneDrive сыяктуу булут кызматтары камтылган.